Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Zanoza сайты товардык белги боюнча доо арыз жолдойт


Бул тууралуу аталган интернет басылманын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Нарын Айып "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, сот өкүмүнүн үстүнөн Бишкек шаардык сотуна доо арыз даярдалууда. Сот чечими боюнча 10 күн ичинде апелляциялык арыз жолдонсо болот.

25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Венера Жаныбек кызынын чечими менен порталды негиздеген «ПроМедиа» фондуна Zanoza товардык белгисин колдонууга тыюу салуу тууралуу "Вечерний Бишкек" гезитинин учурдагы ээси Александр Рябушкиндиндин доо арызы канааттандырылган.

Рябушкин Zanoza товардык белгисин өзүнө каттоо өтүнүчү менен 2015-жылы «Кыргызпатентке» кайрылып, 2016-жылы мындай укук алганы белгилүү болду. Андан кийин былтыр «ПроМедиа» фондунун үстүнөн товардык белгини колдонууга тыюу салуу талабы менен сотко арыз жазган.

Рябушкин 2015-жылы "Вечерний Бишкек" басылмасынан үлүш талап кылып, гезиттин мурдагы ээси Александр Ким менен соттошкон. Бул тиреш Рябушкиндин жеңиши менен аяктаган. Гезиттин кожоюну алмашкан соң жаңы саясатка макул болбой жумуштан бошогон журналисттер тобу zanozа.kg сайтын негиздеген. Алар Рябушкиндин жана сот чечиминин артында ошол кездеги президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана президенттин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиев турат деп айыптап чыгышкан. Бирок Александр Рябушкин муну четке каккан. (NT)

XS
SM
MD
LG