Кыргызстанда 28-июлда түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;
Суусамырда түнкүсүн 2…7, күндүз 25…30;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Баткенде түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 23…25, күндүз 36…38 градус ысык болот.