Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Президенттикке ат салышууга дагы эки киши арыз берди


"Улуу чындык” коомдук фондусунун төрагасы Токтобүбү Таласбаева жана “Дос Береке-1”жоопкерчилиги чектелген ишканасынын консультанты Дамира Токтосунова президенттикке талапкер катары ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. БШКдан билдиришкендей, экөө тең өзүн өзү көрсөткөн.

Талапкер болуу ниети менен арыз бергендер мамлекеттик тилден сынактан өткөнүн, 1 млн сом күрөөнү төлөгөнүн, отуз миң шайлоочунун жарактуу колун топтой алганын жана соттуулугу жок экенин ырастаган документтерди тапшыргандан кийин гана расмий талапкер болуп саналат.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуну каалаган жарандардын саны расмий 32ге жетти. Алардын бешөөнү саясий партиялар көрсөтсө, калгандары өзүн-өзү көрсөткөн. БШК талапкерлердин арызын 1-августка чейин кабыл алат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG