Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Өзбекстан чет өлкөдөгү маданий мурастарын кайтаруу боюнча борбор түздү


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 20-июнда чет өлкөдө сакталган өлкөнүн маданий мурастарын иликтөө борборун түзүү жөнүндөгү токтомго кол койду.

Борбор чет өлкөдө сакталган маданий мурастардын тизмесин түзүү, аларды иликтөө иштери менен алектенет.

Президенттин токтомунда баалуу мурастарды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгы айтылат. Өзбекстандын Маданият министрлиги билдиргендей, бийлик алардын артка кайтарылышын көздөйт, бирок токтомдо азыр алып келүү тууралуу айтылган эмес. Кайтаруунун жолдорун издөө зарылдыгы белгиленген.

Мекеменин маалыматы боюнча, Советтер союзу доорунда Хива, Самарканд, Бухара музейлериндеги тарыхый экспонаттар, алардын ичинде алтындан жасалган буюм-тайымдар Санкт-Петербургга чыгарылып кеткен. Учурда алардын көбү Эрмитаж музейинде сакталуу.

XS
SM
MD
LG