Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:27

Молдова лидери дипломаттар чырын Путин менен талкуулайт


Молдова президенти Игорь Додон (оңдо) жана орус лидери Владимир Путин Москвадагы Жеңиш парадында, 9-май 2017-жыл.
Молдова президенти Игорь Додон (оңдо) жана орус лидери Владимир Путин Москвадагы Жеңиш парадында, 9-май 2017-жыл.

Молдованын президенти Игорь Додон беш орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин Орусиянын президенти Владимир Путин менен бул аптада Санкт-Петербургдагы жолугушууда талкууларын айтты. Ал шаршембидеги маалымат жыйынында Кремлди бул маселеде сабырдуу болууга чакырганын орус маалымат каражаттары жазып чыгышты. Додон 1-2-июнда Петербургга Эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн барат.

Дүйшөмбүдө Молдованын Тышкы иштер министрлиги беш орус дипломатын "персона нон-грата" деп жарыялап, аларга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 72 саат убакыт берген. Орус тарап бул чечимди Орусия менен мамилени оңдогусу келген президент Игор Додон баштаган күчтөргө урулган сокку деп мүнөздөп, катаал чара көрүлөрүн билдирген.

Бул окуя Молдовада өткөн жылы шайланган орусиячыл президент Додон менен батышчыл өкмөт ортосунда чыңалуу күчөгөн маалда болду. Өкмөттүн орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечими "молдовалык депутат орус дипломатына жашыруун маалыматтарды берди" деген кабар чыккандан кийин кабыл алынды. Бирок Молдованын Тышкы иштер министрлиги өз чечиминин себебин так түшүндүргөн жок.

XS
SM
MD
LG