Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

Бишкек милициясы: "Акыркы коңгуроо" жалпысынан тынч өтүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте “Акыркы коңгуроону” майрамдоо жалпысынан тынч өтүп жатат. Олуттуу эреже бузуулар азырынча катталган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык милициянын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди:

- Кызматкерлерибиз бардык жерде иш алып барууда. Чоң окуялар болгон жок. Майда эреже бузуулар катталууда. Кээ бир мыйзам бузгандардын машинасын милициянын унаа токтотуучу жайына алып кетип жатышат.

Бүгүн мектепти бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” майрамына байланыштуу коопсуздукту камсыз кылууга жалпысынан республика боюнча төрт миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, ар бир мектепке 3-4төн милиционер бекитилген.

Быйыл Кыргызстанда 9-классты 90 миң, 11-классты 60 миңдей бүтүрүүчү аяктап жатат.

Мектепти аяктаган улан-кыздар топтошуп алып машинаны катуу ылдамдыкта айдап, эреже бузган учурлар буга чейинки жылдары көп катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG