Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Байжиев: Конституциялык редакциялык комитет түзүү керек


Улуттук курултайда Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев азыркы Баш мыйзамды толугу менен өзгөртүү үчүн редакциялык комитет түзүү зарылдыгын белгиледи.

- Юристтерди, мурдагы авторлорду кошуп комитет түзүү керек. Аябай майын чыгарып элейли, элге тараталы, эл окусун, колдосун. Ошондо тилибиз узун болот. Ушуну кабыл аласыз урматтуу президент, урматтуу Жогорку Кеңеш, болбосо шайлоодо силерди шайлабайбыз деп коюш керек митингге чыкпай эле. Азыркы Конституция жакшылыкка алып келбейт, Элдик курултайдын демилгеси менен толугу менен алмаштыруу керек.

Саясатчы, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, саясат талдоочу, юрист Бекбосун Бөрүбашев Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууну сунушташты.

Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Туруктуу Элдик Кеңештин Улуттук курултайы өтүп жатат. Анда курултай институтун Баш мыйзамга киргизүү, кыргыз тилин өнүктүрүү, жаңы паспортто "улуту" графасын калтыруу өңдүү маселелер айтылууда.

"Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөр" бирикмесинин уюштуруу жыйыны 28-апрелде кабыл алган меморандумда Элдик курултай институтун башкы көзөмөл орган деп эсептеп, Жогорку Кеңеш, президент баштаган бийлик органдарына Конституциянын 52-беренесин ага ылайыктап өзгөртүү жараянын баштоо талабын койгон. Бүгүнкү жыйынга бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары келген жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG