Пакистанда согушкерлердин кол салуусунан алты полиция кызматкери мерт кетти. Бул тууралуу Хайбер-Пахтунхва провинциясынын полиция башкармалыгынын өкүлү Ариф Хан билдирди. Анын айтымында, 21-майда согушкерлер кайгуулдан кайтып келаткан төрт полициячыны атып өлтүрүшкөн. 21-майда болгон чабуул үчүн жоопкерчиликти «Жамаат-уль-Ахрар» тобу өз мойнуна алды. Ушул эле топ 2014-жылы Пешавардагы мектепке жасалган кол салуу үчүн да жоопкер болушкан. Анда 147 киши, негизинен балдар каза тапкан.
Экинчи чабуул Карачи шаарында ушул эле күнү болду. Анда мотоцикл минген согушкерлер полициячылар отурган кичиавтобусту көздөй ок чыгарышкан. Кол салууда эки тартип коргоо кызматкери набыт кетип, экөө жарадар болгону маалымдалды. Экинчи чабуул үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" радикал уюму менен байланышы бар жергиликтүү экстремисттик топ өз мойнуна алды.