Көк бөрүнүн баш байгесин Таластын "Ынтымагы" утту
Жеңиштин 72 жылдыгына жана чыгаан каскадер Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Таластын "Ынтымак" командасы жеңди. Бишкектеги Ак кула ат майданында өткөн финалдык таймашта "Ынтымактын" оюнчулары Сокулуктун "Биримдик Аю" командасын 1:0 эсебинде утуп алды.