Бүгүн Минскиде оппозициячыл саясатчы, президенттикке талапкер болгон Владимир Некляев камалды. Аны бүгүн эртең мененки саат 10дор чамасында үйүнүн жанынан кармап кетишкен. Бул тууралуу анын аялы ”Азаттыктын” беларус кызматына билдирген. Некляев 17-февралда өткөн “Ачууланган беларустардын маршы” аттуу акцияны уюштургандардын бири болгон.
Чогулгандар “Салыктарды жойгула!”, “Лукашенко кетсин!” деген ураандар менен чыгышкан болчу.
Полиция саясатчынын кармалышы боюнча комментарий бере элек. (КЕ)