Нью-Йоркто 3-апрелде жоголгон Азиз Чиркеевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу АКШдагы кыргызстандык активист Бакыт Татибеков "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Нью-Йорктун Бруклин районунда белгисиз адамдын сөөгү табылганы жарыяланган. Бүгүн АКШнын иммиграциялык кызматынан алынган маалыматтар сөөк Азиз Чиркеевдики экенин көрсөттү. Бармактардын издери менен рентген иликтөөлөрү да туура келген.
АКШдагы кыргызстандыктар маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн каражат топтоп жатышат.
Кыргызстандын жараны, 20 жаштагы Азиз Чиркеев 3-апрелде кечки саат 9да Нью-Йоркто иштеген жеринен чыгып кеткен боюнча келген эмес. Анын телефону өчүрүлүп, байланышка чыкпай жаткандыктан, жакындары көмөк сурап диаспорага, Кыргызстандын АКШдагы элчилигине кайрылышкан. (NT/UEz)