Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Путин менен Эрдоган Сочиде жолугууда


Сүйлөшүүлөрдүн башталышында Владимир Путин Орусия менен Түркия “мамилесин толук форматта калыбына келтирип” жатканын билдирди. Эки лидердин жолугушуусунда негизги көңүл Сирия маселесине бурулары күтүлгөн.

Режеп Тайып Эрдоган өзү Сочиге жөнөп жатып, Сирия кризисинин саясий жол менен жөнгөрүлүшү эки өлкөнүн тең бирдей максаты экенин белгилеген:

- Биз Сирия маселеси боюнча жемиштүү кызматташып жатабыз. Сириянын аймактык бүтүндүгү сактоо менен саясий чечимге жетишүү биздин орток максатыбыз.

Сириянын жарандык согушунда Анкара менен Москва каршылашкан тараптарды колдоп келүүдө. Орусия жана ага катар Иран да президент Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия Асадды бийликтен кулатууну көздөгөн оппозициячыл топторду колдойт. Бул үч өлкө Сирия боюнча Казакстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө да ортомчулук кылууда.

Казак Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, ал сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы бүгүн башталды. Ага Сирия өкмөтүнүн, оппозициясынын өкүлдөрү жана БУУнун атайын чабарманы Стефан де Мистура да келди. Бирок маалыматтарга караганда, оппозиция өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдөн чыгып кеткен. Алардын өкүлү Ахмад Рамадандын "Рейтер" агенттигине айтканына караганда, оппозиция өкмөт бомбалоолорду толук токтотууга милдеттеме алуусун талап кылууда. Путин менен Эрдоган Сочиде Сириядан башка эки өлкөнүн соода алакаларын да талкууламакчы.

2015-жылы күздө Түркия Сирия менен чек арасында Орусиянын аскерий учагын атып түшүрүп, мамилелери бузулгандан кийин эки тарап бири-бирине каршы соода чектөөлөрүн да киргизишкен. Эрдоган Сочиге жөнөп жатып билдиргендей, ал Орусиянын экономикалык санкциялары толук жана тез жоюлушун көздөп турат. (UE)

XS
SM
MD
LG