Чек ара кызматынынын маалыматы боюнча, Кыргызстанга 53 миң долларлык дары-дармекти мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны “Манас” аэропортунан кармалды. Жүк Стамбулдан алынып келаткан. Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмү бардык материалдарды Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берди.
Учурда Кыргызстанга сырттан кырк миңдей аталыштагы ар түрдүү дары-дармек алынып келинет. Өлкөдө дары-дармек ташыган элүү ири жана эки жүздөн ашык майда компания бар. Кыргызстан дары-дармек камсыздоо жагынан импортко көз каранды. Атамекендик өндүрүштүн ички рыноктогу үлүшү болгону 3% түзөт, дарылардын 97 пайызы чет жактан ташылат: Орусиядан 16%, Белорусиядан 1%, Казакстандан 1%, калганы Европа өлкөлөрүнөн келет. (КЕ)