Эгер Түндүк Корея өзөктүк сыноолорун улантса аларга санкция саларын Кытай да эскерткенин 27-апрелде АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон билдирди.
- Кытай Пхеньяндагы режим менен байланышта экенин билебиз. Алар мындан ары өзөктүк сыноо жүргүзбөөнү режимден талап кылышканын бышыкташты" - деди Тиллерсон Fox News каналына маегинде.
27-апрелде "Рейтер" агенттигине берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамп көйгөйдүн дипломатиялык жол менен чечилишин кааларын, ошентсе да "Түндүк Корея менен ири чатак" чыгып кетиши мүмкүндүгүн айткан.
Ошол эле учурда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И БУУдагы орусиялык кесиптешине Корей жарым аралындагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетчүдөй коркунуч бардыгын билдиргенин "Рейтер" агенттиги жазат.