Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Англияда АКШнын көз карандысыздыгы тууралуу документ табылды


Англияда АКШнын көз карандысыздыгы тууралуу Декларациянын булгаары тексти табылды. Гарвард университетинин эки окумуштуусу Англиядан сейрек документти - АКШнын көз карандысыздыгы тууралуу декларациянын териге жазылган алгачкы текстин табышты.

Окумуштуулар Эмили Снефф менен Даниэль Аллен бул документти Англиянын түштүгүндөгү Сассекс аймагынын Чичестер шаарчасындагы архивден табышкан.

Boston Globe гезити жазгандай, 18-кылымдын 80-жылдарында бекитилген документтин алгачкы ээси Ричмонд герцогу Жон Леннокс болушу ыктымал. Аны АКШ көз карандысыздыгы үчүн болгон согуш жылдары америкалыктардын таламын талашканы үчүн "радикал герцог" деп аташкан.

Декларациянын жалгыз пергамент көчүрмөсү Вашингтондогу улуттук архивде сакталып турат.

XS
SM
MD
LG