Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Нейл Горсач АКШ Жогорку сотунун судьясы болду


АКШ Жогорку сотунун судьясы Нейл Горсач жана президент Дональд Трамп.
АКШ Жогорку сотунун судьясы Нейл Горсач жана президент Дональд Трамп.

Нейл Горсач бүгүн Кошмо Штаттардын Жогору сотунун судьясы катары ишке киришип, ант берди. Президент Дональд Трамп сунуштаган Горсачтын талапкерлигин Республикачылар басымдуулук кылган Сенат бир нече күн мурда бекиткен.

49 жаштагы Горсач 10-апрелде Ак үйдүн Күлгүм бакчасында президент Трамптын жана Жогорку соттун башка судьяларынын катышуусунда өткөн салтанаттуу аземде ант берди.

Горсач 2016-жылдын февралында көз жумган судья Антонина Скалинин ордун толуктады.

Горсачтын дайындалышы жана бекитилиши Республикачылар менен Демократтардын ортосундагы талаш-тартыштар менен коштолду. Анткени Сенаттагы Республикачылар мурдагы президент Барак Обама сунуштаган Меррик Гарланддын талапкерлигин тогуз ай бою колдобой коюшкан.

XS
SM
MD
LG