Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Темирлан Сманбеков кызматтан кетүү арызын жазды


Темирлан Сманбеков
Темирлан Сманбеков

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын жетекчиси Темирлан Сманбеков кызматтан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сманбеков өзү билдирип, жогору жактын басымынан ушундай кадамга барганын айтты.

- Мен өзүм деле эмне үчүн мындай болуп кеткенин билген жокмун. Бүгүн маданият министринин орун басары Фархад Бекмамбетов келип, арыз жазуумду өтүнүп, министр талап кылып жатканын айтты. Мен дагы сураштырган жокмун, дароо эле жазып бердим. Чындыгында бул орунга жогору жактагылар өз кишисин койгусу келип жатат, негизги саясат ушундан эле жүрүүдө.

Бул боюнча министрдин орун басары Фархад Бекмамбетов кыргыз драма театрдын жетекчисине буга чейин Жогорку Кеңештин комитетинде депутаттар тарабынан нааразычылык айтылганын белгилеп, бирок арызды министр Түгөлбай Казаков кабыл ала электигин кошумчалады.

- Темирлан Сманбеков боюнча үч-төрт маселе бар, анын бардыгы министр арызын кабыл алса айтылат. Буга чейин депутаттар тарабынан да кыргыз драма театрдын жетекчилигине арыздар айтылган. Андыктан драма театрдын 90 жылдыгынын алдында жетекчиликтин маселесин токтотуп койгонбуз.

28-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 90 жылдыгын белгилеген. Темирлан Сманбеков бул театрга 2014-жылы жетекчи болуп келген. (SDz)

XS
SM
MD
LG