Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:21

Мигранттарды кармоо жайында 117 кыргызстандык бар


Сахароводогу миграциялык борбор
Сахароводогу миграциялык борбор

Москвадагы чет элдиктерди убактылуу кармоочу жайда 117 кыргызстандык жаран кармалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын көбү миграция боюнча мыйзамдарды бузганы үчүн кармалып, депортацияны күтүп жатышат.

Нооруздун алдында элчиликтин жана ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган жайдын жетекчилиги менен жолугушуп, кыргызстандыктарды кармоо шарты жана алардын качан бошотуларын талкуулашты. Кармалгандарга укук жана консулдук маселелер боюнча кеңеш берилди.

Мигранттарды убактылуу кармоочу жай Москванын четиндеги Сахарово кыштагында жайгашкан. Орусиялык айрым укук коргоочулар жана мигранттардын өздөрү да аталган жайда катаал мамилеге туш болуп жатканын, кармоо шарты начар экенин айтып келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG