Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Мушкер Басызбек Баратов америкалык атаандашын утту


10-мартта кечинде АКШнын Филадельфия шаарындагы "2300 Arena" аренасында өткөн профессионалдык бокс кечесинде кыргыз мушкери Басызбек Баратов америкалык Тайрон Арзенону утуп алды.

Мушкердин машыктыруучусу Тимур Шайлезов "Азаттыкка" билдиргендей, төрт раундга созулган беттештин жыйынтыгында үч калыстын экөө Баратовго артыкчылык берип, жеңиш ага ыйгарылган.

Бул таймаш бүткөндөн кийин эле Басызбекке 18-мартта боло турган таймашка келишим сунушталган. Бул күнү ал Пенсильвания штатындагы Эри шаарында америкалык Аурель Лав менен күч сынашат.

Басызбек Баратов ушуну менен профессионалдык бокста экинчи жолу жеңишке жетип жатат. Буга чейин 2016-жыл болгон эки беттешинин биринде утулуп, биринде тең чыккан эле. (ECh).

XS
SM
MD
LG