Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү бүгүн, 3-мартта парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин абактагы абалы менен таанышып чыгууну көздөп жатышат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Нурдин Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, депутат менен жолугушууга уруксат берүү өтүнүчү кечээ УКМКга жолдонгон. Атайын кызматтын жетекчилиги азырынча жооп бере элек.
Бирок, Сулайманов жолугушуу бүгүн түштөн кийин болуш мүмкүндүгүн жана мекеменин терапевт-дарыгери да кошо барарын айтты. Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери камактагы эл өкүлүнө 1-мартта да кирип чыгышып, Текебаев тергөө абагындагы шартка дооматы жок экенин билдирди, деп кабарлашкан.
Укук коргоо органдары Өмүрбек Текебаевди орус жараны Леонид Маевскийден пара алган деп айыптоодо. УКМКнын тергөө абагына 25-апрелге чейин камалган саясатчы бул айыпты четке кагууда. (NT)