Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

АКШнын Йемендеги рейди учурунда он төрт согушкер жок кылынды


Йемендеги "ал-Каида" согушкерлери. 2014-жылы тартылган сүрөт.
Йемендеги "ал-Каида" согушкерлери. 2014-жылы тартылган сүрөт.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, Йемендеги рейд “ал-Каида” согушкерлерине каршы багытталды. Анын жүрүшүндө он төрт согушкер жок кылынгандан тышкары АКШнын бир аскер кызматчысы да курман болду.

АКШнын аскер кызматчысынын 28-январда, жортуул учурундагы өлүмү - президенттикке Дональд Трамп киришкенден бери америкалык аскерлердин уруш талаасындагы алгачкы жоготуусу.

Йемендеги окуянын чоо-жайы боюнча аз эле маалымат белгилүү.

Ысымы аталбаган аскерий өкүлдүн Рейтер агенттигине айтканына караганда, атайын күчтөрдүн Йемендеги рейдине президент Трамп өзү уруксат берген жана бул операция Араб жарым аралындагы “ал-Каида” тууралуу чалгын маалыматтарын топтоо максатын көздөдү.

Америкалык аскерий өкүл операция учурунда эч бир согушкер туткунга алынбаганын да кошумчалады.

Пентагон жок кылынган согушкерлерди "ал-каидачылар" деп сыпаттоодо.

Баштапкы маалыматтарда йемендик расмий өкүлдөр Байда провинциясындагы операцияга бир нече тик учак тартылганы тууралуу айтышкан.

Франс-Пресс агенттигинин жергиликтүү расмий өкүлдөргө шилтеме жасап кабарлаганына караганда, бул операция учурунда 41 согушкер, 16 жайкын тургун мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG