Учак кырсыгында каза болгондор бүгүн жерге берилет. Алгач Манас айылында бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн сөөгү коюлат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча, 37 сөөктүн 32синин тек-жайы такталды.
16-январда Чүйдүн Дача айылына «Боинг 747-400» кулаган. Мерт кеткендердин төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар айылдын жайкын тургундары.
Учак Гонконг-Стамбул багытында учуп баратып, “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган. (SE)