Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:17

Жыл башынан бери Улуттук банк экинчи ирет доллар сатыкка чыгарды


 2015-жылдын башында доллардын сомго карата катышы кескин көтөрүлгөн.
2015-жылдын башында доллардын сомго карата катышы кескин көтөрүлгөн.

АКШ долларынын сомго карата катышын туруктуу кармап туруу үчүн Улуттук банк 12-январда 5,8 млн долларды акча базарына чыгарды.

Мындан эки мурда 10-январда башкы банк тарабынан 11,850 млн доллар акча базарына чыгарылган болчу.

Кыргызстанда доллардын сомго катышы күн өткөн сайын жогорулоонун үстүндө. Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча, бүгүн 1 АКШ доллары 69,49 сом. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда жана коммерциялык банктарда 69,70 сомдон сатылууда.

Өткөн жылы январь айында АКШ доллары 74 сомго чыгып, кайра төмөндөгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG