12-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүзү -1…+4 жылуу болот.
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүзү -2…+3 жылыйт.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүзү -2…+3 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүзү -2…+3 жылыйт.
Нарында түнкүсүн -28…-33 градуска чейин төмөндөйт, күндүз -12…-17 градус суук болот.
12 январда Бишкек шаарында күндүз бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы -1…-3° суук, күндүзгү температурасы 1…3° жылуу болот.