Ал эми кылмышка шектелип жаткан беш киши жоопкерчиликти жергиликтүү жетекчилер менен орган кызматкерлери да алышы керектигин айтып чыгышты.
4-январда уланган Ала-Бука райондук сотундагы отурумда Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы, Сары-Талаа айылынын молдосу жана райондун имамы күбө катары суралды. Өз көрсөтмөлөрүндө алар элге түшүндүрүү ишин гана жүргүзгөнүн, сөөк казууга тиешеси жогун айтышты.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири, 30 жаштагы Максат Койчуманкулов бул ишке жалгыз барбаганын айтууда:
- Сөөк казгандар 60-70ке чамалуу адам болгон. Көпчүлүктүн шары менен барып беш-алты күрөк топурак алып койгонум видеого түшүп калган экен, анын кесепетинен жоопкерчиликке тартылдым. Беш адамды гана кылмыш жасады дегендери туура эмес. Ал жерде район акими да эл менен бирге турган. Аким ошол жерде “эмнеге мүрзөнүн ичине коёсуңар, мен силерди сыртка жашыргыла деп айткам” деген. Көпчүлүк бул сөздү уккан. Анан келип эле бизди ортого түртүп коюшту.
Айыпталып жаткандардын дагы бири, 33 жаштагы Бектур Кулчунов түшүнбөстүк айынан ушул кадамга барганын, эми өкүнүп жатканын айтты:
- Чындыгында биз кесепети мынчалык болот деп ойлогон эмеспиз. Кылмыш иши козголгон соң баарын түшүндүк. Бирок мени өкүндүргөнү - беш адамды гана соттоп жатат. Ошол жерде көр казып жатканда милиция кызматкерлери карап турган. Бирок алар эртең бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыласыңар деп бир ооз айткан эмес. Эми бүгүн келип бир-бирден жоопкерчиликке тартып жатат. Район акими же башка жетекчилер деле жүрдү. Алар эмнеге эскерткен жок? Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесин мен эми билип жатам. Райондун акими, анын орун басары маркум каза болгон Сары-Талаа айылынан болот. Өздөрү айылына койдурбай коюп, башка жактан жер караштырбай, биздин мазарга алып келип койгону да суроо жаратат. Демек район акиминин да жоопкерчилигин караш керек.
Маркумдун жакындары ызы-чууну уюштургандар эмес, аны аткаргандар жоопкерчиликке тартылып жатканына кабатыр. 4-январдагы сот отурумуна катышкан жабырлануучу, маркумдун кызы Жылдыз Азаева буларды айтты:
- Тергөө учурунда жалпы 16 адам күбө катары суралган. Алардын жарымы сотто күбө катары көрсөтмө берди. Алардын катарында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлнара Умарова, район имамы Шумкар Чыналиев жана айылдын молдосу Тыныч да бар. Алар такыр жанына жолоткусу келбей, көпчүлүк эл сөзүбүзгө макулдук бербей, казып салды деп айтып беришти. Бири дагы жоопкерчилик алган жери жок. Кайра күнөөнү элге түртүп жатышат.
Тергөө учурунда молдолор сурак берип, бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ага чакырылган эмес. Район акими Сонунбек Акпаралиев бул багытта “Азаттыкка” интервью берүүнү каалаган жок. Сөөк казууга катышты деп айтылып жаткан тартип сакчылары тургундарга алдын ала эскертүү берилгенин жана түшүндүрүү иштери жүргөнүн айтат.
Кылмыш курамы болуп жаткан соң сөөк казылып алынып жаткан жерден кылмышкерлерди кармап, дароо иш козгош керек болчу.Абдназар Маматисламов
Кылмыш-жаза кодексинин каза болгон адамды жана анын көмүлгөн жерин мазактоо боюнча 263-беренеси буга чейин колдонулган эмес. Бул тууралуу эл кабардар эмес. Укук коргоочу Абдуназар Маматисламов айыпталуучулардын көрсөтмөсү менен орган кызматкерлеринин жоопкерчилиги каралышы керектигин кошумчалайт.
- Сөөк казып жатканда милиция эч нерсе дебей карап турса, кылмыш жасап жатканын балдарга эскертпесе, анда аларды кызматына шалаакылык мамиле жасады деп чара көрүү керек. Бул жерде кылмыш курамы болуп жаткан соң сөөк казылып алынып жаткан жерден кылмышкерлерди кармап, дароо иш козгош керек болчу. Менимче ал жердеги орган кызматкерлери тескөөчүлөр болуп, бул кылмыш ишине жатат дегенди билбесе керек. Чындыгында мен юрист катары бул беренени жатка билбейт экем. Анткени аны жумушумда колдонбойм.
Сөөк казгандардын соттук отуруму эми 10-январда уланат. Анда жарыш сөз уланып, судья өкүм кабыл алат. Ага ылайык айыпталуучулар үч жылга чейин жазага тартылышы мүмкүн. Кылмыш иши боюнча беш киши сөөктү казып чыгарууга айыпталууда. Алардын экөө өткөн жылдын декабрь айында Бишкек шаарынан кармалып, Ала-Букага жеткирилген.
Былтыр октябрда көз жумган Канымгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен, баптист” деген жүйө менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты кайра көрдөн казып салып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, чыгарып таштаган. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу.