Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

Бабанов: шайлоо алдындагы убадаларды аткардык


Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, партия шайлоо алдындагы берген убадаларын аткаруу боюнча бардык аракетти көрүп жатат.

Бабанов депутаттардын артыкчылыктарынан баш тартуу боюнча мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алганын буга мисал катары келтирди. “Республиканын” лидери ипотека берүү убадасынын негизинде өкмөт ипотекалык компания түзгөнүн кошумчалады.

Ал эми электр энергиясын өздүк наркында сатуу боюнча убадага жооп берип жатып, Бабанов өзү өкмөттү жетектеп турганда электрге баанын көтөрүлбөгөнүн айтты.

- Мен өкмөттү жетектеп турганда айыл чарба тармагына 7 пайыздык насыя бергенбиз. Бирок мен кызматтан кеткенден кийин ал 10-12 пайызга көтөрүлдү.

“Республика” партиясы 2010-жылдагы шайлоо алдында жарандарга бир катар дымактуу убадаларды берген эле. Буга байланыштуу бул партиянын атаандаштары убадаларды аткарбаганы үчүн сындап келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG