Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:24

ӨКМге тик учак алууга каражат жок


Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы өрт, 19-август, 2015-жыл.
Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы өрт, 19-август, 2015-жыл.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, каражаттын жоктугунан вертолет сатып алуу маселеси азырынча чечиле элек:

- Бизде бир вертолет бар. Бирок ал бузулуп калган. Аны оңдоого каражат болбогондуктан оңдолбой турат. Зарыл учурда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын вертолету менен иштеп атабыз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы күрөшүү агенттигине тик учак жана башка керектүү жабдууларды алуу аракети көрүлүп, Кытайдан техника сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы буга чейин кабарланган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тик учак жок болгондуктан, катуу өрттү өчүрүү кыйынчылык жаратып келе жатат.

Былтыр 13-августта Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүдө көйгөй жаралган. Өрт бийик тоодо болгондуктан, ага адам жетпей, 120 гектардан ашык жердеги кургак чөп жана бадалдар күйүп кеткен. Натыйжада Казакстандан МИ-26 тик учагы жардамга чакырылып, бир чети жаан жаап, тогуз күндөн кийин гана өчүрүлгөн. Андан кийин да техниканын тартыштыгынан өрт өчүрүү узакка созулуп, көп чыгымдарга алып келип жатканына коомдо нааразылыктар айтылган. Быйыл декабрдын башында социалдык тармактардын колдонуучулары өрт өчүрүүчү тик учак сатып алуу үчүн акция уюштурушуп, акча топтоло баштаган. ​(NT)

XS
SM
MD
LG