Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Сасык тумоого байланыштуу дарыгерлер алты күн иштөө тартибине өттү


Бишкекте сасык тумоо жайылып жаткандыктан эмканалар алты күндүк иштөө тартибине өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кезметчилер жекшемби күнү да саат 9дан 15:00гө чейин иштешет. Сасык тумоо ылаңы азайганча бул эреже сакталат. Маалыматка ылайык, өткөн үч күн ичинде бул оорудан улам "Тез жардамга" 100дөн ашуун кайрылуу түшкөн.

Саламаттык сактоо министрлиги быйыл сасык тумоого каршы жалпысынан 70 миң доза вакцина алынганын билдирген.

Бул вакцина эпидемиялык кырдаалды алдын алуу максатында алгач балдар үйлөрүнүн, мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, карылар үйүндө жаткандарга жана медициналык кызматкерлерге сайылат. (SE)

XS
SM
MD
LG