Жолдун тоолуу аймактарындагы бөлүгүнө бурганактап жааган кардан улам жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, мындай чара жолдогу тыгынды болтурбоо максатында көрүлүүдө.
Бишкек-Ош магистралында кыймыл качан толук калыбына келтирилери азырынча белгисиз. Министрлик бул аба-ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу болорун белгиледи.(ZKo)