Британия жана Франция биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин 17-октябрда Люксембургдагы жыйынында мына ушул маселени көтөрүшөрү айтылды. Британия тышкы иштер министри Борис Жонсон Алеппону бомбалоо “адамзатты уят” кылууда деди. Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Айро министрлер Башар ал-Асад жана анын колдоочуларына каршы басымды күчөтүүнүн бардык чараларын карап көрөрүн билдирди.
Ал эми Европа биримдигинин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини Люксембург жыйынында Сириядагы аракети үчүн Орусияга санкция киргизүү каралбасын билдирген. АКШ жана Британия 16-октябрда Лондондо Орусия жана Сирия бийлигине карата санкция күчөтүлүшү мүмкүн экендигин ырасташкан болчу. (AiT)