Бүгүн Бишкекте өткөн веложүрүштү «Ретро ФМ» радиосу мэриянын колдоосу менен уюштурган. Катышуучулар «Ала-Тоо» аянтынан тартып Түштүк магистралдагы Дайыр Асанов атындагы эс алуу багына чейин барышты. Веложүрүшкө башкалаа райондорунун акимдери, веложарышты жана сергек жашоону сүйүүчүлөр катышты. Алардын коопсуздугун шаардык патрулдук милиция кызматкерлери камсыздады. (NT)