Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун Москва шаарынын Борбордук клиникалык ооруканасында улантат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлагандай, Атамбаев бүгүн, 23-сентябрда мурда анын саламаттыгын изилдеген жана жүрөк оорусун дарылаган адистерге көрүнүү максатында Орусия баш калаасына барган. Азырынча бейтапканага жатпай, адистердин көзөмөлүндө болот.
Атамбаев менен кошо президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орунбасары, кардиолог Гүлмира Баитова жүрөт.
19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Стамбул шаарынын Ататүрк аэропортунда Атамбаев өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Адистер президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныкташкан.
Мындан улам Алмазбек Атамбаев 20-сентябрдан тарта кыска мөөнөткө өргүү алган. (SE)