Баткен: тар жердеги кармоочу жай
Баткен шаарындагы жалгыз убактылуу кармоочу жай өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары курулуп, жашы жете электер менен аялдарды кармоо үчүн атайын бөлмөлөр каралган эмес. Акыйкатчынын жана жергиликтүү күч кызматтарынын каражат бөлүү үчүн бир нече кайрылуусунан алигиче натыйжа чыкпай, тергөө абагын куруу зарылдыгы бышып жетилген.