Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Президент Сот приставдары жөнүндөгү мыйзамга кол койду


Президент Алмазбек Атамбаев «Сот приставдары жөнүндөгү» мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзам көз карандысыз соттордун кадыр-баркын бекемдөө жана ишмердигин камсыздоо, сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, судьяларга, сот отурумунун катышуучуларына жана сот аткаруучуларга карата коркутууларга, басым өткөрүүгө жол бербөө максатында иштелип чыккан.

Жазык-процессуалдык кодекстин 270-беренесине ылайык, сот приставы сот отурумунда тартипти камсыз кылат. Төрагалык кылган адамдын буйруктарын жана мыйзам тарабынан ага жүктөлгөн башка ыйгарым укуктарын аткарат.

Мындай жобо 1999-жылы эле демилгеленип, бирок каржылык себептер менен аткарылбай келген.

Сот приставы - бийлик өкүлү болуп саналат жана кызмат милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болот. Бул кызматта 21 жаштан өткөн, жогорку билимдүү кыргызстандыктар иштей алат.

XS
SM
MD
LG