Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Жакындарынан запкы көргөн карылар


Жыл өткөн сайын Кыргызстанда кары-картаңдар көп зордук-зомбулукка учурап жатканы айтылууда. Карылар көбүнчө жакындарынан көргөн зомбулугу тууралуу ачык айтышпайт. Ушундан улам мунун арты кайгылуу аяктап, жакындарынын колунан каза тапкан учурлар да бар.

"Ичтен чыккан ийри жылан..."

Жашы сексенге чукулдап калган Бермет апа шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде уулу менен жашайт. Элүүгө келип калган баласынын үй-бүлөсү жок. Эч жерде иштебейт. Эптеп тапкан акчасын бүт ичкиликке жумшайт. Өзүнүн ийгиликсиз турмушуна дайым апасын күнөөлөп, ичкен күндөрү байбичеге кол көтөргөн мезгилдер болгон. Бирок кемпир бул тууралуу бирөөгө да айтууну туура көрбөйт, анткени милиция билип калса, уулун камап коет деп ойлойт.

Байбиченин Субира аттуу кошунасы Бермет апа кээде бети-колундагы көгала тагынан улам дүкөнгө нанга чыгуудан да айбыгарын айтып берди:

- Өмүр бою медайым болуп иштептир. Дагы эки баласы ушинтип арак ичип жүрүп, өлүп калышкан экен. Эми мунусу көрбөгөн азапты көрсөтөт. Бирөөлөрдүн ишин жасап, анча-мынча акча колуна тийип калса, ичип алып, апасына кол көтөрөт. Кийинчерээк апанын пенсиясын да ичип алчу болду. Ошентип мас болгон күндөрү үйүндө тополоң кылат, апасына кол көтөргөн учурлары көп. Ошондой бир ызы-чуу болгондо башка бир кошунабыз милиция чакырып койгон экен, милиция келсе, апа “эч нерсе болгон жок” деп эшигин ачпай койду. Мындай учурлар көп эле болот, милиция келсе же эшигин ачпай коет, же “баары жакшы” деп коёт. Себеби баласын камап коёт деп коркот. Кээде биздин үйгө келип ыйлайт. Бети-башы көгала болгондо дүкөнгө нанга чыга албай, менден суранат.

Укук коргоочулардын айтуусунда, жакындарынан запкы көргөн карыялар, байбичелер муну ачыкка чыгарууну каалашпаганы чоң маселеге айланууда.

Ушундан улам зордук-зомбулукка кабылган карылар тууралуу маалыматтардын статистикасы жок, болсо да өтө аз санда. Буга көбүнчө “төрүмдөн көрүм жакын калганда, жөн эле жүрөйүнчү, жөн өлөйүнчү, эл эмне дейт” деген түшүнүк себеп болорун укук коргоочулар айтышат. Алардын белгилөөсү боюнча, ушундан улам айрым учурлар кайгылуу аяктап, балдарынын же дагы башка жакындарынын колунан каза тапкан карылар да бар.

Карылар көп алданышат

Укук коргоочулардын жана социалдык кызматкерлердин айтуусунда, карылар өздөрүнүн укуктарын билишпейт. Алардын алсыздыгынан, ишенчээктигинен ар кандай шылуун жалганчылар пайдаланып, сызга отургузуп кеткен учурлар четтен чыгат. Мисалы, жалгыз жашаган карылардын турак жайын же башка дагы баалуу буюмдарын жакшы тааныбаган кишилерге алданып, тарттырып жиберген учурлары арбын кездешет.

Бишкектеги “Сезим” кризистик борбору жакындан тарта психологиялык жана кара күчтөн ыдык көргөн кемпирлер үчүн убактылуу баш калка ачты. Аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мындай зомбулуктардын арты көбүнчө жашы өткөн адамдардын карылар үйүнө жеткирилүүсү менен аяктарын айтат:

- Карылар көбүнчө психологиялык, экономикалык, социалдык зомбулукка кабылышат. Уул-келини, кыз-күйөөсү же дагы башка бир тууганы карыянын үйүн сатып жиберип, өздөрүн карылар үйүнө жеткирип койгон учурлар көп болуп жатат. Же болбосо аракеч балдары ата-энесине күн көрсөтпөй, кол көтөргөн учурлар да бар. Карылар ишенчээктигинин айынан тааныбаган эле бир шылуундардын курмандыгы да болушууда. Аларга алданып, үйлөрүн же дагы башка баалуу буюмдарынан ажырап калгандары да көп.

Бүбүсара Рыскулованын айтуусунда, Кыргызстандын мыйзамдарында карыларды жакындарынын зомбулугунан коргоочу мыйзамдар жок.

Социалдык өнүгүү министрлигинин адис кызматкери Таалай Исмаиловдун айтуусунда, кары-картаңдарга каралашчу социалдык кызматкерлер бар:

- Социалдык кызматкерлер кары-картаңдардын, майыптардын үйлөрүнө барып, жардам берип турушат. Аларды аныкташат.

"Жылдарым - менин байлыгым..."

Мамлекет тарабынан карылар менен иштеген социалдык кызматкерлердин саны жетишсиз. Бирок жалгыз, кароосуз калган карылар менен иштеген бир нече бейөкмөт уюмдар бар. Алар кары-картаңдарга тамак-аш, дары-дармек жагынан гана жардам бербей, психологиялык жактан да колдоо көрсөтүп, ар кандай иш-чараларды уюштуруп турушат.

Карылар үйү
Карылар үйү

"Сезим" кризистик борборунда бир нече жылдан бери карылардын "Жылдарым - менин байлыгым" деп аталган клубу иштеп келүүдө. “Жалгыз карыя” долбоорунун адис кызматкери Айдай Эрикованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, карылар менен иштеген бейөкмөт уюмдар биргелешип иш алып барышат:

- Бизге окшогон карылар менен иштеген бейөкмөт уюмдар көп эле. Биригип, аныктайбыз, жардам беребиз. Ар бир уюмдун өзүнүн багыты бар. Мисалы, бир уюм укуктук жактан жардам берсе, бирөө гуманитардык жардам жеткирет. Дагы бир уюм карылардын жалгыздыгын сездирбей, алар үчүн түрдүү клубдарды уюштурат. Кээ бир карылар балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына кийим-кече түйүп беришет.

Укук коргоочулар жыл өткөн сайын кары-картаңдардын зордук-зомбулукка учураганы көбөйүп баратканын айтышат. Эки күн мурун милиция 87 жаштагы кемпир зордукталганын маалымдаган. ИИМден кабарлашкандай, кордук көргөн кемпир бул окуя боюнча милицияга арыз жазууну туура көргөн эмес.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG