Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Базар-Коргон: Жогорку Соттун Аскаров боюнча чечимине каршы митинг аяктады


Аскаровдун ишин Жогорку Сотто кароо.
Аскаровдун ишин Жогорку Сотто кароо.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда өмүр бою соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча Жогорку Соттун чечимине каршы митинг аяктады. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Нурлан Рахматов билдирди. Анын айтымында, акцияда Азимжан Аскаровго карата өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча сот чечимин өзгөртпөө талабы коюлду. Ошондой эле Аскаровдун сотуна көз салуу боюнча атайын кыймыл түзүү чечими кабыл алынды.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясы боюнча айыптуу деп табылып, 2011-жылы Жогорку Соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG