Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Ысык-Көлдө Өрүк фестивалы болду


Жети-Өгүз районунун Тосор айылында эл аралык өрүк фестивалы болуп өттү. Ага Кыргызстандын жети дубанынан жана алыс-жакынкы чет мамлекеттерден коноктор келип катышты. Фестивалда өрүк сортторунун көргөзмөсү, өрүктөн жасалган тамак-аштардын сынагы жана башка оюн-зоок иш-чаралары болуп өттү. Мындан тышкары өрүк өстүргөн багбандарга айыл чарба жана эколог адистер сабактарды өтүштү.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты жергиликтүү айыл чарбасын, туризмди өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналат.

“Сары кыздын тою” деп аталган өрүк фестивалы жыл сайын июнь-июль айларында Баткен жана Ысык-Көл облустарында өтөт. Андан тышкары “Алма”, “Карагат”, “Оймо”, “Кийиз” деген сыяктуу аталыштардагы фестивалдар уюштурулуп жүрөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG