Кенди иштетүүгө укук алган "Алтын Альянс" ишканасы уюштуруп жаткан бул коомдук угууга Таластын бардык райондорунан жарандык демилгечилер катышып, кенге байланыштуу суроо-талаптарын айтышууда. Коомдук угуунун максаты-социалдык-экологиялык коопсуздук боюнча негизги техникалык чечимдер, иш-чаралар тууралуу коомчулукту кабардар кылуу.
Жыйындын жүрүшүндө "Жерүй" алтын кенин иштетүү учурундагы экологиялык коопсуздукту сактоонун жаңы ыкмалары видеотасма менен көрсөтүлдү. (SS)