Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путиндин тапшырмасына ылайык, Сирия мамлекетинин башчысы Башар Асад менен жолукту. Алар террордук топторго каршы аскердик жана техникалык кызматташтык жаатында сүйлөшкөнүн РИА-Новости кабарлады.
Мурдараак Шойгу президенттин тапшырмасы боюнча “Хмеймим” авиабазасында кызмат өтөп жаткан аскерлер жана командирлер менен сүйлөшкөн. (SE)