Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Бостон теракты боюнча камалган казакстандык мекенине келди


Бостондогу жардыруудан кийин,16-апрель, 2013-жыл.
Бостондогу жардыруудан кийин,16-апрель, 2013-жыл.

АКШда 3,5 жылга кесилген казакстандык Азамат Тажаяков мекенине келди. Ал 2013-жылдын 15-апрелиндеги Бостондогу теракт боюнча сот ишине тоскоолдук кылган деп айыпталган.

Бостондогу марафон учурундагы кош жардыруу үч адамдын өмүрүн алып, 264 адам жаракатка кабылган. Жардырууга айыпталган ага-инилердин бири атайын операция учурунда жок кылынып, экинчиси Жохар Царнаев өлүм жазасына өкүм кылынган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Тажаяков жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу депортация болгонун жазышууда.

Бостон терактын иликтөөгө жолтоо болгон деп дагы бир казакстандык Диас Кадырбаев алты жылга кесилген. Айыптоочулар ал жардырууга ФБР Царнаевди шектүү катары эсептеп, сүрөттөрүн таратып аткан учурда жатаканадагы Царнаевдин айрым буюмдарын алып чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG