Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Балтика өлкөлөрү жана Польша абадан коргонуу системасын жакшыртууну сүйлөшүүдө


"Файнэншл таймс" гезитинин Литванын коргоо министри Юозас Олекаска шилтеме берип жазганына караганда, Эстония, Латвия, Литва жана Польшанын коргоо министрлери регионалдык абадан коргонуу системасын түзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Алар учурда кандай коргонуу системасын сатып алууну талкуулашууда. Бул төрт өлкө Орусиянын Калининград анклавында жана батыш чек араларында аскердик күчтөрүн топтоосуна жана Орусиянын аба күчтөрүнүн үстөмдүгүнө тынчсызданууда. Июль айынын башында Варшавада НАТОнун саммити болот. Анда НАТОнун чыгыш тарабында альянстын кошумча күчтөрүн жайгаштыруу маселеси чечилмекчи. (AiT)

XS
SM
MD
LG