Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурунку башчысы Кылычбек Арпачиевдин үстүнөн сот процесси уланды. Сотто Арпачиев көрсөтмө берип, күнөөнү четке какты. Анын айтымында, жер мыйзамын бузду делген экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу бир нече жолу жолугууну сунуштап, жардам берүүнү суранганы менен, ал тергөөчү катары мыйзамга каршы эч кандай иш кылбаганын айтты.
Кылычбек Арпачиевди 2015-жылдын жазында 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК кармаган. Кылычбек Арпачиев 200 миң доллар талап кылып жатат деп, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун уулу УКМКнын алдындагы антикоррупциялык кызматка кайрылган.(BkA)