Райондун акиминин орун басары Жаныбек Исаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, учурда селдин кесепеттерин жоюу жана аныктоо иштери жүрүп жатат:
- Жолду тазалоо, сел жууган жерлерди ачуу боюнча бардык иштер жүрүп жатат. Биз да иштебиз. Селге агып кеткен баланы издөө үчүн жергиликтүү эл да чыгып, жардамдашып жатат.
Маалыматтар боюнча, 28-май күнү кечинде катуу жааган нөшөрдөн кийин дагы сел жүрүп, Жийделик айылындагы ички көпүрөнү агызып, эки зым карагайды бузуп кеткен.
Ал эми 27-май күнү таш аралашкан сел аккан Кадамжай-Айдаркен жолун тазалоо иштери уланууда. Жол бүгүн түштөн кийин ачылышы ыктымал.
27-май күнү кечке жуук Кадамжай-Айдаркен жолунда таш аралашкан катуу сел жүрүп, “Опел-Фронтера” автоунаасы оодарылып кеткен. Ичиндеги беш киши набыт болгон, алардын бири эки жаштагы наристе экени аныкталды. Унаадагы бир бала, үч жаштагы Элдар Жороев дайынсыз болууда. 28-майдагы издөө иштеринде баланын кийимдери табылган. Үчүнчү бала –алты жаштагы Зарипбек Нурлан уулу куткарылган.
Селден набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө президент Алмазбек Атамбаев көңүл айтып, ар бирине 100 миң сомдон бөлдү. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кырсык болгон аймакка барып, өлгөндөрдүн жакындары менен жолукту. Өкмөттүк фонддон да акчалай жардам берилди.(ZKo)