90догу илимпоз өз каражатына жол салды
Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, юридика илиминин доктору Карпек Курманов 90 жашта. Ал өз жанынан миллион сом чыгарып, узуну 250, туурасы 6 метрлик жолго брусчатка төшөдү. Карпек Курманов кылган иши капчыктуу ишкерлерге үлгү болсо деп үмүттөнөт. Ал Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курмановдун атасы.