Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:19

“Таза шайлоо”: Ош менен Токмокто добуш сатуу көп байкалды


Оштогу шайлоодон бир көрүнүш
Оштогу шайлоодон бир көрүнүш

“Таза шайлоо” ассоциациясынын башчысы Айнура Усупбекова бүгүнкү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш сатып алуу аракеттери болгонун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш Ош менен Токмок шаарларында көп катталды.

Аталган уюм Оштогу добуш сатып алуу фактысы боюнча прокуратурага арыз берди. Усупбекова Токмок шаарында айрым шайлоо участокторунда байкоочулардын коопсуздугуна коркунуч келген учурлар да болгонун кошумчалады.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго “Таза шайлоодон” 80 байкоочу катышты.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Ошто өткөн пресс-конференцияда жергиликтүү кеңештерге шайлоо былтыркы парламенттик жараянга караганда бир топ жогору деңгээлде өткөнүн, күзгү шайлоого даярдык мындан да жакшы болорун айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG