28-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9 жана күндүз 17…22;
Таласта түнкүсүн 3…8 жана күндүз 15…20;
Баткенде түнкүсүн 5…10 жана күндүз 17…22;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1…4, күндүз 14…19;
28-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 5…7° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.