Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Өкмөт 2016-жылы электр жоготууларын 13 пайызга төмөндөтүүнү тапшырды


Электрди үнөмдөөчү лампочкалар
Электрди үнөмдөөчү лампочкалар

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, премьер-министр Темир Сариев мындан тышкары «акылдуу эсептегичтерди» орнотууну күчөтүү жана дебитордук карыздарды азайтуу зарылдыгын белгилеп, эгер бул тапшырмалар аткарылбаса кескин чаралар көрүлөрүн кошумчалаган.

Өкмөт башчы былтыр энергетикалык тармактагы бөлүштүрүүчү компанияларына жоготуулардын деңгээлин 14,0% төмөндөтүү тапшырмасын берген, бирок аны бир дагы компания аткарган эмес.

Мындан улам Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, бардык бөлүштүрүүчү электр компаниялардын жетекчилерине сөгүш жарыялоо тапшырмасы берилген.

2014-2015-жылдары электр жоготууларынын көлөмү 1 миллиард 600 миллиондон ашуун киловатты түзгөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG