Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Брюсселдеги жардыруу курмандыктары отуздан ашты


Белгия баш калаасындагы Завентем аэропортунда жана Мэлбек метробекетинде бүгүн эртең менен болгон жардыруулардан бери дегенде отуз адам каза тапты. Эки жүздөй киши жараат алып, ооруканага түштү.

Бийлик окуяны теракт деп атап, 20 киши аэропортто, 13 киши метродо мерт кеткенин билдирди.

Белгия премьер-министри Шарль Мишель бул кол салууну “чектен чыккан зомбулук” деп сыпаттап, коркоктордун кадамына теңеди.

- Мындай теракт болот деп чочулаганбыз. Бирок ал ишке ашты. Аэропортто, метростанцияда террористтер адамзатка каршы кылмыш жасашты.

Аэропорттун учуу залында бүгүн таңкы саат жетилерде эки ирет бомба жарылган. Бир саат өтүп, метробекетте жардыруу болгон.

XS
SM
MD
LG