Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында туура бир жыл мурда киши колдуу болгон оппозициячыл саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциясы өтүп жатат.
Маркумду эскерүү иш-чаралары бир катар чет өлкөлөрдө да уюштурулган. Москвада бул жөө жүрүш менен коштолуп, ал саясатчы өлтүрүлгөн көпүрөдө жыйынтыкталат. Катышуучулар ар кандай плакаттарды, байрактарды көтөрүп алышкан. Жүрүшкө катышкандардын бир бөлүгү 34 жаштагы украиналык учкуч Надежда Савченкону да колдоп чыгышты.
Эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен украиналык учкуч Савченко 2014-жылдын июль айынан бери Орусияда камакта отурат. Сот 17-декарда анын камактагы мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узартуу чечимин чыгарган эле.
Борис Немцов былтыр 27-февраль түнү Кремлдин жанынан атып өлтүрүлгөн. Эскерүү акциясына байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. (КЕ)