Бул жолку чатак Орусия борборунун түштүк-чыгышындагы Старообряд көчөсүндө болгон. 15 кишини полиция кармап кетти. Алар турак жайларды тейлөө мекемесинде чогуу иштечү экен. Уруш учурунда бычак, балка, чынжырлар, алтургай көчө тазалоочу аспаптарды курал катары колдонушканын "Азаттыктын" тажик кызматына жергиликтүү полициядан билдиришкен.
Тажик-өзбек мигранттары февраль айында эле ушуну менен үчүнчү ирет жаңжалдашты. Өткөн аптада ишембиге оогон түнү болгон мушташта болсо, бир адам көз жумуп, бир нече киши олуттуу жаракат алган. Орусиядагы өзбектердин конгрессинин жетекчиси Ибрагим Худайбердыевдин айтуусунда, ал уруш Москва облусундагы Пролетарское кыштагында болгон:
- Анда эки тараптан биригип он адам катышкан. Бирөө өлгөн, анын улутун азырынча биле элекпиз. Бул эми жаш балдар. Бул боюнча кылмыш иши козголду деп уктук. Эмне талашып мушташканы да белгилүү боло элек.
Ал эми биринчи калайман уруш февралдын башында Мытищиде болгон. Үч окуяда тең жаңжалдашууга мастык себепкер болгону маалымдалууда.
Москвадагы “ЭтМос” жаштар уюмунун жетекчиси Каримжон Еров чатак мигранттардын укуктук жактан бурчка камалышынан чыгууда дейт:
- Алар жумуш берүүчүлөрүнө каяша айтып, укугун талаша алышпайт. Миграция мыйзамын такай катуулатып келаткан саясатчыларга да үндөрү жетпейт. Ошон үчүн топтолгон ачуусун бири-биринен чыгарууда.
Еров көп учурда чатакка жумуш берүүчүлөр да жол ачарын белгилейт. Алар кээде кайсы бир улуттун өкүлдөрүн жумуштан кууп, ошол эле кезде ишти арзан бүтүрчү башка улуттан турган топту жумушка алышы нааразылыкты жаратат. Өзгөчө Орусияда кризис күчөп, тыңгылыктуу айлыгы бар жумуш каат болуп турганда бул олуттуу маселе.
Анткен менен Орусиядагы өзбектердин конгрессин жетектеген Ибрагим Худойбердиев эки топтун мушташын эки улуттун жаңжалы катары эсептебөө керек деп эскертет:
- Өзбек-тажик диаспоралары өз ара достук алакада. Биргелешкен иш-чараларды бат-баттан өткөрүп турабыз. Мисалы, ушу тапта Нооруз майрамыбызга чогуу даярданып атабыз. А эл ичинде тентектер да бар, алар бүгүн мушташса эртең жарашат. Бирок булар мигранттардын бир аз эле бөлүгү. Биз, албетте, бул жакта силер коноксуңар, өзүңөрдү ошого жараша алып жүргүлө деп, адепке чакырып атабыз.
Бир аз мурда орусиялык “Независимая газета” менен казакстандык Tengrinews сайты орус федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромадановскийге таянып, Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары жапырт мекенине кайтып жатышканын кабарлашкан.
Ромадановскийдин айтуусунда, учурда Орусияда 1 миллион 800 миң өзбекстандык мигрант катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 19 пайызга аз.
Мындан сырткары, Ромадановский Орусияга барган мигранттардын агымы 70% кыскарганын белгилеген. Анын көбү тажик жана өзбек мигранттары экени айтылат.
Орус миграция кызматынын өкүлдөрү буга өлкөдөгү миграция мыйзамдарынын катаалдашы, тагыраагы, мыйзамсыз мигранттарга Орусия эшигин жапканы менен байланыштырышат. Ромадановскийдин эсебинде, 2015-жылдын аягына карай Орусияга кирүүгө тыюу салынып, кара тизмеге киргизилгендер 1,8 миллионго жетти.
Мурдараак мындай мушташтарда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын да аты аталып калчу. Акыркы жылдары андай көрүнүш байкала элек.
Ал эми Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Орусияга агылган кыргызстандыктар айына 5-10 миң болуп жатканын Орус миграция кызматы январда маалымдады. Байкоочулардын баамында, бул биримдикке киргенден кийин кыргызстандыктарга мамиленин кыйла жумшарышынан улам жаралган көрүнүш.